Ишкерликти тейлөө борборун түзүү жана ишин уюштуруу Концепциясы бекитилди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» өнүктүрүү Программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында Ишкерликти тейлөө борборун (ИТБ) түзүү жүзөгө ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 Токтомуна ылайык, 2019-2022-жылдарга карата Ишкерликти тейлөө борборун түзүү жана ишин уюштуруу Концепциясы бекитилди.

Бул документ «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын 3.4.-бөлүмүнө шайкеш келтирип аныкталган максаттарга ылайык иштелип чыкты, ал ишкердикти колдоо боюнча бирдиктүү аянтчаларды жана таасирдүү механизмдерди түзүүнү караштырат.

ИТБны түзүүнүн негизги милдеттери:

—  ишкер менен мамлекеттин ортосунда түз байланыштарды жокко чыгаруу;

—  ишкердик ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык системасын түзүү;

—  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия- уруксат берүү документтерин алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;

—  ишин жаңы баштаган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;

—  чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин техникалык көндүмдөрүн жана компетенцияларын жакшыртуу;

—  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия-уруксат берүү документтерин алууда коррупцияны төмөндөтүү.

ИТБ билим берүү, маалыматтык, финансылык жана консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле уруксат-лицензияларын берүү мамлекеттик кызматтары боюнча ишмердигин жүргүзөт.

Белгилей кетсек, бул демилге Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана ЕККУ Программалык кеңсесинин өнүктүрүү боюнча өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатат.

Бөлүшүү