Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Автор -

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 14-15-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Ага 55, 60, 66, 74, 84 килограммга чейинки жана 96 килограммдан жогорку салмак чениндеги балбандар катышат алат.

Белгилей кетсек, жеӊишке жеткен балбандарга «Кыргыз республикасынын кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери» наамы ыйгарылат.

Турнирди Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция жана Кыргыз күрөшү федерациясы уюштурууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү