Германия Кыргызстанга 40 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет

Автор -

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Келишимге ылайык, Германия Өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенүүдө, анын ичинде 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 млн евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат. “Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү”, — дейт ал.

Ал эми «Биологиялык ар түрдүүлүк» долбоорунун алкагында буга чейин 5 млн евро көлөмүндө каражат бөлүнгөнү, азыр анын бүтпөй калган бөлүгүнө кошумча 2 млн евро бөлүнүп жатканы белгилүү болду. “Бул алкактык келишим болуп саналат. Ал ратификацияланып калса, анын ар бир компоненти боюнча өзүнчө келишим түзүлүп, баардык келишимдер парламенттин тармактык комитеттери менен макулдашылат”, — деп кошумчалады ал.

Депутат Бахадыр Сулейманов 500 миӊ евро бөлүнгөн эмне фонд экенине кызыкты. Министрдин айтымында, ал атайын фонд экенин, анын каражатына изилдөөлөр жүргүзүлө турганын билдирди. Депутаттын пикиринде, мындай болбогон ашыкча чыгымдарга жол берилбеши керек.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишине нааразычылыгын билдирди. “200 миӊден ашуун үй-бүлө арзан турак жайга муктаж. Компания үч жылдан бери жарытылуу деле иш жасаган жок. Мындай кадам менен 100 жылда да баштаган программанын аягына чыкпайт. Адамдарды кайдагы бир куру сөз менен алдап отурабыз. Сөздөн ишке качан өтөбүз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Германия эки тараптуу кызматташтык алкагында Кыргызстанга жалпы жонунан 542 млн евро көлөмүндө каржылык жардам көрсөтсө, анын ичинде 344 млн евро гранттык каражат, ал эми калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары, Өкмөт парламенттен кезектеги 40 млн евро гранттык жардамды тездетип карап берүүнү өтүнүүдө.

 

Бөлүшүү