Бишкек шаарында телефон уурдаган адам кармалды

Автор -

Бишкек шаарындагы  Свердлов районунда телефон уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки ай мурун милицияга Бишкек шаарындагы базарлардын аймагында белгисиз бир адам башка жарандын телефонун чалып алууга сурап, ошо бойдон телефонун бербей качып кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Уурдалган уюлдук телефондун баасы 15 миң сомду түзгөн.

Аталган факт Свердлов райондук милиция бөлүмүндө катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 27 жаштагы А.у.Ж. кармалган. Ал буга чейин дагы ушундай кылмыштар үчүн соттолгон. Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга тиешеси текшерилүүдө. Аны бир айга №1 тергөө абагына алуу тууралуу баш коргоо чарасы кабыл алынды»
деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматы бул жарандын колунан жабыр тарткандарды 0(709) 17-10-10, 0(555) 102-695 телефондору аркылуу Свердлов райондук милиция кызматына билдирүүнү суранат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү