Таласта катуу шамал мектепти чатырсыз калтырды

Автор -

Кечээ, 4-март күнү саат 17:00дөн тартып 18:40га чейин Талас облусунда болгон катуу шамалда орто мектептин чатырын учуруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей Манас районунун Арал айылындагы Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Жабыркагандар жок.

Бүгүн, 5-март күнү жеринде райондук жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшөт.