Ташкент-Астана-Ташкент багыты боюнча туруктуу автобус каттамы ачылды

Автор -

«Uzautotrans Service» жоопкерчилиги чектелген коому менен «KazAvtoTrans» ишканасы Ташкент жана Астана шаарларынын ортосунда туруктуу эл аралык автобус каттамын ачышты.

Өзбек ЖМКларынын билдиргенине караганда, каттамдын узундугу 1646 чакырымды, узактыгы 27 саат 30 мүнөттү жана баасы 312 миң сумду (37 доллар) түзөт.

10-марттан тарта бул каттам боюнча күн сайын бирден, кийинчерээк алардын санын күнүнө төрткө жеткирүү пландалууда.

Маалымат каражаттардын белгилешинче, эки борбордун ортосундагы автобус каттамы өзбек президенти Шавкат Мирзиёев былтыр 5-мартта кол койгон «Убактылуу иштөө үчүн өлкөдөн чыгып жаткан жарандардын транспорттогу коопсуздугун камсыз кылуу чаралары тууралуу» жарлыкка ылайык ачылды.

Бөлүшүү