Бала сатуу: эки киши кылмышты мойнуна алды

Автор -
371

Бишкектин Биринчи май райондук соту бала сатууга байланыштуу ишти кароону улантты. Анда эки медицина кызматкери «документ жасоо» боюнча кылмышты мойнуна алды.

Айыпталуучулардын жактоочулары өткөн отурумда журналисттердин катышуусуна уруксат бергени үчүн сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот бүгүнкү жараянга да журналисттердин катышуусуна макул болуп, видео, фото тартууга уруксат берген жок.

ИИМдин буга чейин билдиргени боюнча, кылмышка шектүү катары жети киши аныкталды. Алардын төртөө камакта отурат. Үчөө үй камагында.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 2018-жылдын 7-сентябрында жарыялаган.

Баштапкы маалыматтары боюнча уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүрүшкөн. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Жазык кодексинин 124-беренеси («Киши сатуу») менен иш козголгон.

Тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөлөргө сатылганы айтылган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.

Бөлүшүү