Кыргызстандык спортчу Ева Кадырова эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды (Видео)

Автор -

Кыргызстандык спортчу Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш 1-3-март күндөрү Белоруссиянын Минск шаарында өткөн. Ага Белоруссия, Латвия, Израиль жана Кыргызстандык 600дөн ашык спортчу катышкан.

«Ева Кадырова 60 метр аралыкты 7, 65 секундда чуркап өтүп, 18 спортчунун арасынан 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды»,
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү