Бишкек шаарында адамдарды уурдап, акча талап кылган кылмышкерлер кармалды (Видео)

Автор -
368

Бишкек шаарында адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмалынып, ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен.

[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]«Ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү боюнча арыз менен кайрылган. 2019-жылдын 3-февраль күнү белгисиз адамдар жабырлануучуну “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, башына кап кийгизишип, белгисиз жакка алып кетишкен. Кылмышкерлер аны капчыгайга алып барышып, ур-токмокко алуу менен 5000 АКШ долларын талап кылышкан. Маалым болгондой, шектүүлөр ишкерди дарыяга ыргытабыз деп коркутушкан. Жабырлануучунун денесинен оор жаракат алып, кабыргалары сынган. Андан соң, өлтүрүп коебуз деп  чет өлкөлүк жаранга таандык автоунааны өздөрүнө жаздыртууга макулдугун алышкан. Ишкерди кайра шаарга башына капты кийгизип алып келишип, баасы 13 000 АКШ доллары турган 2011-жылы чыккан «BMW 525» үлгүсүндөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алышкан»,[/ads-quote-center]

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан опузалап талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залакат келтирүү фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Кылмыштуу топтун курамына мурда соттолгондор жана УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандар бар экендиги аныкталган.

Кармалгандардын экөөсү Ысык-Көл облусунун жашоочулары болушат. Ысык-Көл районунда жашаган 1989-жылы туулган Н.С. мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат; Бишкек шаарында жашаган 1988-жылы туулган Т.Э.. Кармалган үчүнчү жаран Чүй облусунун 1984-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу, мурда соттолгон. Жогоруда кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кийинки жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасын күрөөканага ташташкандыгы такталган. Болжолдуу маалымат боюнча, автоунаанын ээсинин атынан ишеним күбөлүгүн жасашып, 10 000 АКШ долларына сатып жиберишкен.

Азыркы учурда соттук иликтөөнүн алкагында кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.