Бишкек шаарында адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмалынып, ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан опузалап талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залакат келтирүү фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.
Кылмыштуу топтун курамына мурда соттолгондор жана УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандар бар экендиги аныкталган.
Кармалгандардын экөөсү Ысык-Көл облусунун жашоочулары болушат. Ысык-Көл районунда жашаган 1989-жылы туулган Н.С. мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат; Бишкек шаарында жашаган 1988-жылы туулган Т.Э.. Кармалган үчүнчү жаран Чүй облусунун 1984-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу, мурда соттолгон. Жогоруда кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кийинки жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасын күрөөканага ташташкандыгы такталган. Болжолдуу маалымат боюнча, автоунаанын ээсинин атынан ишеним күбөлүгүн жасашып, 10 000 АКШ долларына сатып жиберишкен.
Азыркы учурда соттук иликтөөнүн алкагында кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.