Өкмөт башчыга туура эмес кат жазган Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси кызматтан алынды

Автор -

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган.

Алмазбек Сабырбеков Төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопту кызматкер болчу.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган катасы көп «каты» тараган.Нет описания фото.

Бөлүшүү