Азиз Суракматов 8-марттагы жүрүш тууралуу түшүндүрмө берди

Автор -
210

Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаар бийлиги 8-мартта өткөн аялдар жүрүшүнө уруксат бербегенин, болгону мыйзам талап кылгандай коомдук тартипти гана камсыз кылып бергенин билдирди.

«Бизге жүрүш тууралуу кабар гана берилди. Анда эки маселе болгон: гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укугу. Алар жүрүш өткөрүштү, биз коомдук тартипти камсыз кылып бердик. Анда гей-парад же дагы башка акциялар тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Ортодо айтылган айрым ураандар, жазуулар бул чагымчылдык деп ойлойм»,
деди калаа башчы.

Суракматов мыйзамда митинг өткөрүүгө уруксат берүү деген түшүнүк жок экенин кошумчалады.

«Биз уруксат берген жокпуз. Уюштуруучулардын кайрылуусу кабарлоо мүнөзүндө болгон, биз митинг өткөрүү маалында тартипти камсыз кылып бердик. Укук коргоо органдары менен мэрия мыйзамдын чегинде гана аракет көрдү»,
деп билдирди калаа башчысы.

8-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргогон ар жылкы аялдар жүрүшү өткөн. Акциянын айрым катышуучулары ЛГБТны колдогон жазууларды көтөрүп алганы элдин көбүнүн нааразылыгын жараткан.

«Кырк чоро» деген аталышта таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергендиги үчүн калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кыларын билдирген.

Бөлүшүү