Кыргызстандык спортчулар Белорусиядан эки медаль утуп келишти

Автор -

Бокс боюнча жаштар арасындагы КР курама кошууну Белоруссиянын Гомель шаарында өткөн эл аралык мелдеште эки медалды багындырууга жетишти.

Маалыматка ылайык,  Алексей Юковдун байгелерине арналган мелдеш 6-марттан 9-мартка чейин өткөн.

69 килограммга чейинки салмакта мушташкан Нурадин Рустамбек уулу бардык беттетерин утуп алтын медалды тагынган. Финалда ал мелдеш ээси болгон Роберт Гринштейн менен беттешмек. Бирок атаандашы чыкпагандыктан калыстар жеңишти Нурадинге ыйгарган.

Кураманын дагы бир өкүлү Ахмед Усупов (+91 кг) коло медалдын ээси болду. Ал жарым финалда Россиялык Дмитрий Захарьевке уттуруп ийген.

Мелдешке 8 мамлекеттен 2001-2002-жылы туулган 98 мушкер катышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү