Кыргыз таэквондочулары Казакстандагы мелдеште 17 медаль тагынышты

Автор -

Кыргызстандык спортчулар Алматы облусунун (Казакстан) таэквон-до GTF боюнча ачык биринчилигинде 17 медаль тагынышты.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 9-10-март күндөрү Алматы шаарында өттү. Спортчулар мелдеш алкагында 3 багытта жеңүүчүлөдү аныкташты: жеке массоги, хьенг жана командалык массоги.

Биринчиликте Кыргызстан курама командасы 9 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медаль багындырып, командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Медаль ээлеринин тизмеси:

Алтын: Виктория Плотникова, Лейсан Аджиходжаева, Сабырбек Анарбеков, Адилет Талантбеков, Нурболот Медербек уулу, Баймырза Абдыласов, Сыймык Алтынбек уулу, Ханболот Эрнисбек уулу, Каныкей Алтынбекова .

Күмүш: Чынгыз Раимжанов, Радион Сабенин, Эмирхан Рахматов, Арзыгуль Шайзакова, Курманбек Захрединов.

Коло: Элхан Канназаров, Алмазбек Абдиллаев.2019032011001315.jpg

201903201100139.jpg201903201100133.jpg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү