Жайыл районунда оор жүк ташуучу унаа кулап калды

Автор -

Жайыл районуда айдоочу унааны башкара албай калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 18:53 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда МАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон кулап калган.

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочусу жабыркаган.

«Куткаруучулар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага жеткиришкен. Учурда абалы жакшы»
деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү