Депутат: Орто Азияда биринчи жолу “гей-парад” өттү

Автор -

Бүгүн, 13-март Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова  8-мартта Бишкекте өткөн аялдарды колдоо митингги тууралуу үн катты.

Анын билдиришине караганда, борбор калаабызда өткөн акция  жөнөкөй митинг эмес, «гей парад» болгон.

“Орто Азияда биринчи жолу “гей-парад” өттү. Албетте, билбегендерге жөнөкөй эле митинг өттү. Билгенге биз кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, баскан жолун жана нарк-насилин тепселедик. Өз уулунун өмүрүнөн элинин өмүрүн кымбат көргөн Курманжан энебизди маскаралашты. Мен талап коем, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырып, баа берүү керек. Шайлоого барганда ар дайым мырзалар: “6 миллион калкпыз, буйруса, 60 миллион калк болобуз”, – дешет. Эркек эркекке үйлөнүп атса, каяктан 60 млн калк болобуз? Эртең Кыргызстан эмес, “Гейстан” өлкө деген атка конобуз ”
деди депутат.

Маселе бүгүнкү күн тартибине киргизилип, ага укук коргоо органдары чакырылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү