Эртеӊ Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу өчөт

Автор -

Эртеӊ, 14-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарында саат 9-00 дөн 17-00 чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Киркомстром» суу башатындагы профтилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү менен чектелген аймакта ичүүчү суу токтотулат.

Суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

— «Бишкектеплоэнерго» казанында,

— ААК «БСМ»,

— ЖЧК «Нургаз» (газ толтуруу),

— Бекбоев медициналык борборунда,

— “Васипов” кичи нан чыгаруучу ишкана

— «Бактылуу Өлкө» бала бакчасында,

— Балдарды коргоо борбору,

— №37 Балдар комбинаты,

— №42 орто мектеби,

— № 97632 аскер бөлүгү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү