Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузулат

Автор -

15-мартта саат 15:00дө Бишкектеги активдүү жаштар Жаш Гвардия бульварына (Киев көчөсү менен кесилиши)  500 түп көчөт отургузат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар мындай аракети менен борбор калааны жашылдандырууга чакырык таштап, экология көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурмакчы.

Бак-дарак тигүүгө илим-билимде, коомдук турмушта, чыгармачылыкта активдүү жаштар катышат. Жанар Акаев Бишкектин экологиясына жана тазалыгына кайдыгер карабаган жаштарды бул акцияга кошулууга чакырат.

Иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин “Демилге” фонду уюштурууда.

Белгилей кетсек, Жанар Акаев баштаган бир катар депутаттар “Таза аба” долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө. Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө да жүргүзүлдү. Анын негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат.

Бөлүшүү