ЖКда 8-марттагы жүрүштү уюштургандар маалым болду

Автор -
224

Эл аралык аялдар күнүндө айрым чагымчыл адамдардын айынан кыргыз элинин ар-намысына шек келтирилди, биздин ата-бабаларыбыздын каада-салтына доо кетти. Ошондуктан, гейлердин жөө жүрүшүнө укуктук баа берилип, аны уюштурган адамдарга карата катуу чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеӊеш жыйынында укук коргоо органдарынын Бишкек шаарында гейлердин катышуусунда өткөн иш-чара тууралуу маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, 2019-жылдын 8-мартында Бишкек шаарындагы «Россия» кинотеатрынын алдында аялдардын укугун коргойбуз деген шылтоо менен 200-250 адам чогулган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова, Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров сыяктуу бир катар коомдук ишмерлер менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү болгон. Тилекке каршы, аларга башка мүдөөнү көздөгөн адамдар кошулуп кеткен.

Депутаттар мындай чагымчыл окуянын кайталанбашы, кыргыз элинин беделине доо кетпеши үчүн айрым мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү