Депутат Аида Исмаилованы фарммафиянын өкүлдөрү ачык эле коркута баштадыбы?

Автор -

Жогорку Кеӊештин жумушчу тобу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан. Ошондон бери жумушчу топко жана ага тартылган эксперттерге карата коркутуп-үркүтүүдө. Ал тургай, жеке мени фарммафиянын кызыкчылыгын жактаган жактар ачык эле коркута баштады. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, алдын ала иликтөөлөргө караганда, мамлекеттик сатып алуулардын гемодиализ жаатында эле 75 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ал эми Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Алар 22 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мында мыйзам бузуу жосундары жетекчиликтин өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам болгонун билдирди»
деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү