Депутат: Мамлекеттик ипотеканы 4 пайызга түшүрүү боюнча долбоорго Өкмөт маани бербей жатат

Автор -

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында мамлекеттик ипотеканын кымбаттыгы, талаш жараткан көйгөйлөр, мыйзамсыз иш-аракеттер, чек ара маселеси көтөрүлдү.

Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик ипотеканы 4 пайызга түшүрүү боюнча берилген долбоорго Өкмөт эки айдан бери маани бербей келе жатканын айтып чыкты. Мындан сырткары, Гүлчө – Ош – Жалал-Абад айланып өтмө жолунун ордуна Гүлчө – Жалал-Абад айланып өтмө жолу кылып өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин, ал үчүн ортодо 35 км жолго асфальт төшөө зарылдыгын чечмелеп берди.

Депутат Махабат Мавлянова дагы мамлекеттик ипотеканы 4%га түшүрүү мүмкүндүгүнө токтолду. Анын айтымында, 200 миӊ сомдун тегерегинде айлык алган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилери ортомчулук гана кылып жатат. Ошону менен катар М.Мавлянова Ноокат районунда 285 миӊ адам жашаарын, мынчалык көп элди бир-бирден эле мамлекеттик органдар тейлеп жетише албай жатканына Өкмөттүн көӊүлүн бурду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү