Коопсуз шаар: 10 күндө 12 миңден ашуун жол эрежеси бузулду

Автор -
363

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун маалыматы боюнча 2019-жылдын 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686сы дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди.

«Унаа айдоочулар арасында кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жаралган бардык юридикалык маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүрүүдө. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы жол эрежелерин бузуулар жөнүндө токтомдорду жеткире баштады. Ошону менен бирге марттын башынан бери жолдордо жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин сактай башташты»
деди Иманалы Саркулов.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүнүн баштапкы белгиленген мөөнөттөрдөн бир аз кечигүүсү инженердик түйүндөргө аппараттык-программалык комплекстерди кошуу үчүн уруксат кагаздарын макулдашуунун создуктурулушуна байланыштуу болуп саналат. Бирок учурда келип чыккан маселелер чечилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй,  «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«Долбоорго тартылган мамлекеттик органдар бардык пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн тынбай иштөөгө тийиш. Биз долбоорду киргизип, ийгиликтүү иштөөсүнө жетиштик, бирок бүгүнкү күнү биз принципиалдуу түрдө көп ишти жасоого тийишпиз. Долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыга турган көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн масштабдуу иштерди аткаруу, бардык айырмаларды өтө кылдат иштеп чыгуу керек. Жолдордо коопсуздукту камсыздап жана жол инфраструктурасын гана жакшыртпастан, бузууларды каттоонун, билдирмелерди жеткирүүнүн жана айыппулдарды төлөөнүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу механизмин киргизүү зарыл. Жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин улантуу кажет. Жарандар долбоорду колдошууда жана жолдордо тартипти сактоого аракет кылып жатышат, алар билдирмелерди алууда жана айыппулдарды төлөөдө ыңгайсыздыктарды сезбеши керек»
деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке киргизүүгө мындан аркы даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

Бөлүшүү