Бишкек шаарынын алты көчөсү оңдолот (тизме)

Автор -

Бишкекте Кытай тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында “Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү” долбоору боюнча шаардын алты көчөсү оңдолот. Алар: Абай, Нуркамал, Алтымышев, Репин, Токтогул и Жайыл Баатыр көчөлөрү.

Оңдоо иштери бул айда башталат. Учурда жолдордун жабылуу схемалары каралууда. Жолдор кезек менен жабылат. Кээ бирлеринде теплотрассалар да оңдолот.

«Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында 23 жол оңдолот, жалпы узундугу 38 км.

2018-жылы, жалпы 17 жолдун оңдоо иштери жүргүзүлгөн, алардын ичинде Манас, Айтматов, Чуй жана Жибек Жолу проспектилери, Эркиндик бульвары, 7 апрель, Айни, Терметчиков, Садырбаев (Баха), Усенбаев, Уметалиев жана башка көчөлөр.

Бөлүшүү