Ушул жылдын 15-мартынан 18-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар:
- Төө-Ашуу ашуусу
- Ала-Бел ашуусу,
- Чычкан капчыгайы,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолу,
- Чапчыма ашуусу,
- Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу,
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу,
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.