«Супер-Инфо»: Финполдун «редакция документтерди бербей жатат» дегени чындыкка дал келбейт

Автор -

“Супер-Инфо” гезити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына алар тараткан маалымат чындыкка дал келбешин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, “Супер-Инфо” гезитине каршы аракеттер тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы маалымат таратты. Анда “Супер-Инфону” маалымат бербей жатат деп айыптады.

[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]»Үстүбүздөгү жылдын февраль айында аталган кызмат айтып жаткан факт боюнча «Freedom House» уюму ачкан «ЖМКны колдоо борборуна» Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн чегинде “Супер-Инфо” гезитине салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, типография менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан финполдун редакция документтерди бербей жатат дегени чындыкка дал келбейт»[/ads-quote-center]

Башкача айтканда Мамлекеттик салык кызматы Т.Н. аттуу жаран жазган арыз боюнча типография менен гезиттин ортосунда эч кандай мыйзам бузуу жоктугун тастыктаган. Бул боюнча тийиштүү акт бар.

Андыктан, Мамлекеттик салык кызматы жыйынтык чыгаргандан кийин деле текшерүүлөр токтобой, редакцияга суракка чакыруулар келип жаткандыгын “Супер-Инфо” жалпы республикага таанымал оппозициялык гезитке кысым көрсөтүү, демек, Кыргызстандагы сөз эркиндигине мамлекеттик көзөмөлчү органдар аркылуу кысым көрсөтүү деп кабыл алат.