Бүгүн унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

Автор -

Бүгүн, 2-сентябрда унаа, турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Ушуга байланыштуу, салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.

Салыктарды банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг, мобилдик капчы аркылуу төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү