Бишкек шаарында жылуулук берүү 19-мартта токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим,бүгүн ЖЭБ борборунда болуп өткөн жыйында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, абанын температурасы 5 күн боюнча +8 градус болгон кезде жылуулук берүү өчүрүлөт.
Ош шаарында жылуулук берүү кечээ, 17-марттан тарта токтотулган.