Бишкекте кыргыз айым-режиссерлорунун III кинофоруму болуп өттү

Автор -
325

Бишкек шаарында «Кыргызстандын айым режиссерлорунун III Кинофоруму» болуп өттү. Бул тууралуу “Азия чыгармачыл айымдар” фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 15-16-март күндөрү Чынгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп өттү. Форумдун алкагында «Чангет» даректүү тасмасынын режиссеру Аида Мидин кызына тасма тартуусуна техникалык колдоо көрсөтүү боюнча сертификат берилди.

Андан тышкары «Узак» даректүү тасмасынын режиссеру Бегим Жолдубай кызы менен «Азамат» даректүү тасмасын тарткан Назгүл Дөөлөткелдиева Кино тармагындагы жемиштүү жана ийгиликтүү эмгектенгендиги үчүн Ардак грамота алышкан.

Ошондой эле Беларустун таанымал режиссеру Галина Адамович, «Шакен жылдыздары» эл аралык сынагында алган өзүнүн сыйлыгын Бегим Жолдубай кызына тапшырды.

Эскерте кетсек, «Кыргыз айым режиссерлорунун I Кинофоруму» алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн.

Форумдун максаты — чыгармачылык менен алектенген аялдарга көмөктөшүү, алардын эмгегин коомго алып чыгуу. Ошондой эле ал аялдардын укугуна, гендердик маселелерге көңүл бурууну көздөйт.

Бөлүшүү