Бишкекте режиссерлорго даректүү тасма тартууну үйрөткөн курс ачылат

Автор -

Борбор калаада Азия Чыгармачыл Айымдар Фонду даректүү тасмалардын режиссурасы боюнча II курсун баштайт. Бул тууралуу  аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, режиссердук курс жумасына 3 жолу 2 сааттан болот. Курска кабыл алуу 5- апрелден 25-апрелге чейин созулат. Ага 20 жаштан  жогору баардык каалоочулар келе алат.

Курстун программасы:

  •  Даректүү тасманын негизи жана режиссурасы
  • Даректүү тасмадагы оператордук чеберчилик
  • Даректүү тасманын драматургиясы
  • Монтаж

Ошондой эле курс учурунда дүйнөлүк жана улуттук даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Курстун соӊунда ар бир катышуучу темасын тандап, изилдеп жаӊы тасма тартат.

«Даректүү тасмалар боюнча режиссердук курска баарлашуу Кыргыз фильм киностудиясынын 3-кабатында жүргүзүлөт»
деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү