Сооронбай Жээнбеков: Үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

«Аксы окуялары адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты. Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!»
деп баса белгиледи Жээнбеков өз сөзүндө.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу айылындагы 2002-жылдын 17 мартындагы Аксы окуясында курман болгондордун элесине арналып курулган музейдин алдына карагай отургузду.

Мамлекет башчысы аталган айылдын «17-март» атындагы спорт залынын ачылыш аземине катышты

Аксы окуяларына арналган иш чаралар Президенттин жана жергиликтүү калктын катышуусунда Куран окутуу менен аяктады.

Бөлүшүү