Белградда демонстранттар президенттин резиденциясын курчап алышты (Видео)

Автор -

Сербиянын борбору Белгардда нааразылык акциясынын катышуучулары президенттин резиденциясына кире бериш жерди бөгөп, аны айланта курчап алышты.

Акыркы маалыматтар боюнча Сербиянын президенти Александр Вучич имараттын ичинде. Буга чейин ал маалымат жыйынын өткөрүп, күн мурун улуттук телеканалдын имаратынын ичине кирип барган каршылык акциясынын катышуучуларын жоопкерчиликке тартууга убада берген.

Полициянын атайын кызматкерлери имараттын ичиндеги активисттерди күч менен чыгарган, алардын арасында парламент депутаттары да бар.

Вучич саясий атаандаштарын кыйноо колдонууга жана башаламандыктарды уюштурууга айыптады. Ал митингчилерден коркпой турганын айтып, уюштуруучуларды «фашисттер», «бейбаштар» жана «уурулар» деп атады.

Ишемби күнү ондогон демонстранттар мамлекеттик телеканалдын имаратын ээлеп алышкан. Оппозиция өкүлдөрү эфир берүүнү жана коомдогу окуяларды калыс чагылдырууну талап кылышкан.

Сербияда мындай акциялар дээрлик 14 жумадан бери токтобой келет. Оппозиция өкүлдөрү президенттин отставскасынан тышкары маалымат каражаттарынын жана шайлоо жараяндарынын ачык болушун талап кылып жатышат.

Апта сайын өтүп туруучу мындай акцияларга ноябрь айында белгисиз адамдар оппозициячыл саясатчыны сабап кеткени себеп болгон.

Бөлүшүү