Президент Баткен областындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта Баткен областындагы чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышты.

Баткен облусундагы абал, мындай окуяларды болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жеңиш Разаковдун айтымында, тажик тарап менен Баткен облусунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча 5 күндүк сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анда эки маселе каралган — бул 2019-жылдын 13-14-мартында болгон окуяларды талкуулоо, мурда жетишилген макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана бул территорияда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу.

«Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү. Биз укук коргоо, прокуратура, жергиликтүү бийлик органдарына, коңшу областтардын губернаторлоруна окуяларды иликтөө жана эки өлкөнүн жарандары жашаган көчөлөрдү патрулдоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү милдетин койдук. Мындан тышкары коңшулаш областтардын жетекчилери башында турган туруктуу комиссия иштеп, ал талаштуу жагдайларды талдап, пайда болгон чыр-чатактарды жеринде жөнгө салуу үчүн ыкчам чара көрүшөт»
деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал эске салгандай, адамдардын тоскоолсуз ары-бери өтүүсү үчүн ар кандай чек ара поссторун алып таштоо тууралуу келишимге жетишилгенин эске салды. Ак-Сай айылына алып баруучу айланма жолдун курулушу аягына чыгарылат, ал ортодогу жалпы жол болот жана андан Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары пайдалана алат. Ошондой эле Баткен районуна караштуу үч айылдын малын айдап өтүү үчүн Ак-Сай- Тамдык жолун куруу макулдашылды.

«Исфара-Ворух жолу тажик тарапка өтүп кетти деген сөздөр чыгууда. Бул жергиликтүү шартты билбеген, маалыматы жок, андагы кырдаалдан кабарсыз адамдардын пикири. Бул жерде кандайдыр бир коридор жана жолдун маккамы тууралуу эч кандай сөз жок — бул Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары жалпы пайдалана турган жол болот. Бул чечим жергиликтүү калк менен талкууланды жана алар буга макул болушту»
деп жыйынтыктады Жениш Разаков.

Президент чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

Ал чек арачылар өз карамагындагы территорияларды кайтаруу менен эле чектелбестен, жергиликтүү калк жана кошуна мамлекеттин чек арачылары менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүүгө тийиш экенин өзгөчө белгиледи.

«Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле»
деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы чек ара боюндагы аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын өз убагында чечүү зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

Бөлүшүү