Жеңиш Разаков: Апрель айында кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери уланат (Видео)

Автор -
259

4-5-апрель күндөрү Душанбеде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы окуяларга байланыштуу тараптар Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген туруктуу комиссия түзүү сунушталган. Анын курамына укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары тараптар эки өлкө жарандары жашаган көчөлөрдү биргелешип күзөтүү боюнча макулдашууга келишкен.

«Бизде эки жол бар. Биринчиси Исфара шаарынан Ворухка бара турган жол. Бул жол Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Ак-Сай деген кыргыз айылдарын кесип өтөт. Баткен-Исфана жолунда дагы абал ушундай. Ал дагы тажик аймагын кесип өтөт. Ошондуктан биз чек ара мекемелерине эки өлкө жарандарынын бул жолдор аркылуу эркин жүрүшү үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюу тапшырмасын бердик»
деди Разаков.
«Исфара-Ворух жолун курууга уруксат берилди. Бул жолдун кыргыз айылдарын кесип өтө турганын эстен чыгарбаш керек. Буга байланыштуу 2014-жылы Баткен облусунун Ак-Сай айылын айланып өткөн кошумча жол куруу тууралуу протоколго кол коюлган. Мында коридор түзүп берүү тууралуу эч кандай сөз жок. Болгону ал эки өлкөнүн жарандары тең жүрө ала турган кошумча жол болуп эсептелет»
деди вице-премьер министр.

Анын айтымында, тажик тарап аталган жолдун төрт чакырымынын курулушуна жардам берүүнү сунуштаган. Бирок ал Кыргызстандын аймагында курулуп жаткандыктан, кыргыз тарап өз акчасына кура турганын билдирген.

«Ак-Сай — Тамдык жолу мал айдап өтүү үчүн керек. Бүгүнкү күндө кыргыз жайыттарына баруу үчүн бир гана жол бар — ал Исфара районунун Ворух айылы аркылуу өтөт. Анда Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр деген үч кыргыз айылынын тургундары малдарын жаят. Жалпысынан тоодогу жайыттарда 65 миңге жакын мал-жандыгы болот. Мындан улам турмуш-тиричилик деңгээлинде Ворухтун жашоочулары менен түшүнбөстүктөр болуп турат. Буга байланыштуу учурда Ак-Сай — Тамдык жолу курулуп жатат. Протоколдо бул жолдун курулушун кыргыз тарап бүтүрө турганы жазылган. Учурда курулуш иштери башталды»
деди Разаков.
«Протокол эки мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алып даярдалды. Исфара – Ворух жолу тажиктердики деп айтуу туура эмес. «Коридор берилди» деп да айтып жатышат. Дагы бир жолу айтам, Ворух айылына эч кандай коридор берилген жок. Протокол эч кандай жашыруун мүнөзгө ээ эмес деп эсептейм»
деди вице-премьер министр.

Баткен облусунун Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын ортосунда 13-мартта чыр чыккан. Буга Баткен районундагы Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. «Азаттык» радиосунун тажик кызматы жаңжал маалындаТажикстандын эки жараны каза болгонун билдирди. Мындан тышкары Кыргызстандын эки жараны оор жараат алып, бирөөсү реанимацияга жеткирилген. 18-мартта эки өлкөнүн расмий делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жолдор ачылган.

Бөлүшүү