Жогорку Кеӊеште депутаттар Өкмөттүн отставкасын талап кылууда

Автор -
452

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңеште депутат Карамат Орозова Кыргыз-Тажик чек ара маселеси каралып жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келбегенине нааразы болуп, анын отставкасын талап кылды.

«Бүгүнкү күнү чек ара маселеси актуалдуу болуп жатат. Эмне үчүн өкмөт башчы, башкы прокурор, тышкы иштер министри келген жок? Алар келбесе маселени кароону баштабаш керек. Биздин дарегибизге сын айтылса чычалап келебиз. Айтылган сындар туура. Өкмөт бизди тоготпойт! Ушундай маанилүү учурда келбей койгон Өкмөт башчынын эмне кереги бар! Өкмөт отставкага кетсин!»
деди ал.

Учурда Жогорку Кенештин жыйында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселе каралып жатат.

 

Бөлүшүү