23-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
220

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз16…18° болушу күтүлөт.

Бөлүшүү