Ош шаарындагы кооптуу май куюучу бекеттер жабылат

Автор -

Ош шаарындагы май коюучу жайлар текшерилип, талаптарга жооп бербегендери жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов АЗСтерди текшерүү учурунда билдирди.

Мындан тышкары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарылат.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, нормага туура келбеген АЗСтерге мыйзам боюнча чара колдонулушу керектигин айткан.

“Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир май куюучу жайдын мыйзамдуулугун текшергиле. Май куюучу бекеттер шаардын сыртында деле жетиштүү. Талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз, кооптуу жайлардын иши токтотулат. Мындан кийин шаар ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгарылат”
деди мэр.

Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай бар. Анын алтоосу иштебей турат.

Эске сала кетсек, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркаган.

Бөлүшүү