Алматыда Нооруз майрамы белгиленип жаткан аянтта бир нече киши кармалды (Видео)

Автор -

Алматыда Нооруз майрамы белгиленип жаткан аянтта бир нече адам кармалды. Алар казак бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка карата нааразылыктарын билдиришкен.

Маалыматка караганда, кармалганга чейин алар өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар жөнүндө жана Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы экендиктерин айтышкан. Андан соң полиция кызматкерлери онго жакын адамды кичи автобустарга күчтөп отургузуп, алып кетишкен.

Учурда шаардын майрам белгиленип жаткан Панфилов жана Гоголь көчөлөрүнүн кечилишинде ондогон полиция кызматкери жана атайын даярдыктагы бөлүктүн өкүлдөрү жүрөт.

Күн мурун бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов тарапташтарына кайрылып, аларды 22-мартта дал ушул көчөлөрдүн кечилишине акциягы чогулууга үндөгөн.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, бүгүн Астана шаарында дагы бир нече киши, анын ичинде «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова да кармалды. Басылманын кабарчысы белгисиз адамдар алардын ишине тоскоолдук кылып, камеранын объективин жаап, операторду жулкулдатып жатканын билдирди. Анын айтымында, анда чогулган жаштар журналисттерден «жакшы нерселерди гана чагылдырууну» талап кылып жатышат. Өз кезегинде полиция профессионалдык милдеттерин аткарууга тоскоол кылып жаткандарды токтотуу боюнча кабарчылардын өтүнүчүнө көңүл бурушкан жок.

Астанага тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну 20-мартта президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.

Бөлүшүү