Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Автор -
334

Бүгүн, 22-март 4-кичи районунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, 4-кичи районунда жайгашкан №47 көп кабаттуу үйдүн 40-батиринин балконунан чыккан өрт саат 12:01де толук өчүрүлгөн.

Өрт тууралу маалымат 11:26 түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган, өрттөн жабыр тарткандар жок.

Бөлүшүү