Чаткал районунда кар көчкү жол тазалап жаткан бульдозерди басып калды

Автор -
442

Чаткал районунда кар көчкү жол тазалап жаткан бульдозерди басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык,  21-март күнү саат 16:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, жеринде унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чараларын жүргүзүп жаткан №27 ЖТИнин 1 бульдозерин басып калган. Кырсыктан айдоочу жабыркаган эмес. Унаа жол убактылуу жабылган.

Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоого №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 10 кызматкер жана КР ӨКМнин Чаткал райондук №81 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында 21-март күнү саат 18:30да кар көчкүнүн алдында калган бульдозер чыгарылып, жол бир тараптуу ачылган. Жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары 22-март күнү улантылат.

Бөлүшүү