Нооруз майрамы: «Ынтымак» командасы көк бөрү боюнча мелдеште жеңүүчү болду

Автор -

Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку лигасында «Ынтымак» (Талас облусу) командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Биринчи орун үчүн болгон таймашта «Ынтымак» командасы «Достук» (Ош облусу) менен ойногон. Оюн 6:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Ушул эле Жогорку лигада үчүнчү орунду «Бакубат Талас» командасы ээлеген.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да көк бөрүнүн финалында бул эки команда ойноп, «Ынтымактын» улакчылары жеңип алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү