Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Бишкекти Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

Автор -

Каптагаевдин пикиринде борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Өз билдирүүсүндө ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген.

Саясатчынын бул билдирүүсүнүн алдына пикир калтырган колдонуучулардын айрымдары анын бул сунушун колдосо, башкалары таптакыр каршы болушкан.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду. 20-мартта казак парламенти өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нур-Султан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.