Аялы менен урушуп кеткен учкуч учак менен үйүн сүзүп каза болду (Видео)

Автор -
493

Ботсванада кош бойлуу аялы менен урушуп кеткен учкуч учак менен үйүн сүзүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки жаш балалуу болоруна кубанып, досторун конокко чакырат. Бирок, кеченин так ортосунда мас абалындагы күйөөсү аялына корс мамиле кылат. Муну көргөн жакындары учкучту үйдөн чыгарып коюшат. Ага арданган учкуч учак менен өз үйүн сүзгөн. Натыйжада бир нече унаа жана үй толугу менен өрттөнүп кеткен.

Бактыга жараша үйдүн ичиндеги адамдардын баары, аялы да кырсыкка чейин сыртка чыгууга жетишкен. Ал эми учкуч алган жараттарынан улам каза болуп калган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү