Бишкек шаарында адамды уурдоо, карактоо үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Автор -
205

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык, адамды уурдоо, карактоо үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын февраль айында белгисиз адамдар тарабынан опузалап акча талап кылуу максатында шаар тургунун урдоо уюштурулган. Түнкү маалда Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен Молодой гвардия бульварынын кесилишинен кылмышкерлер карактап кол салышкан: 26 жаштагы шаар тургунун күч колдонуп автоунаага салышып, эл жок жерге алып кетишкен.

Шаардын четинен кылмышкерлер жабырлануучудан акча каражатын талап кылышып, арматура менен сабашып, денесине оор жаракат келтиришкен.

Натыйжада жогоруда аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон адамдар кармалган. Андан соң, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар кармалгандардын бирөөсүнө карата сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бирок, 1990-жылы туулган И.А. аттуу жаран соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жашырынып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ага издөө жарыяланган.

Ушул жылдын март айында издөөдө жүргөн И.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Бөлүшүү