Финансы полициясы атайын эсепке 12 миллион сом акча которду

Автор -

Финансы полициясы бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 12 миллион 968 миң 798 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда,  ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 496 миллион 892 миң 988 сомду түздү.

«Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү