Сирияда үч орусиялык аскер террористтер кол салгандан кийин мерт болду

Автор -
216

Сирияда үч орусиялык аскер февралдын соңунда террористтер кол салгандан кийин мерт болгон. Алардын сөөгү Орусияга жеткирилди.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, үч аскер кызматкеринин жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин аларды издөө боюнча тынымсыз иш жүргөн.

Кийинчерээк Аскердик-космос күчтөрүнүн биргелешкен операциясынын алкагында кол салууга катышы бар делген 30дан ашуун жоочу жок кылынган.

Орусия Сириядагы аскердик операциясын 2015-жылы күзүндө баштаган. Кийинки жылы жазында Владимир Путин “тапшырмалар ийгиликтүү аткарылгандан кийин” аскерлердин негизги бөлүгүн, 2017-жылы баарын чыгарып кетүү боюнча жарлыкка кол койгон. Расмий маалыматтар боюнча учурда ал жакта – Хмеймим менен Тартуста орусиялык аскерлерден турган атайын гарнизон жайгашкан.

Орусиялык аскерлерге ким кол салганы так белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги “Ислам мамлекети” экстеримисттик тобун эле эмес башка топтордун мүчөлөрүн дагы “террорист” деп атайт.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча Сириядагы аскердик операциялар учурунда 40тан ашуун аскер кызматкери мерт болгон.

Дагы 50 киши аскердик эмес жоготуулардын катарына кирет, алардын арасында орусиялык учак жана тик учактар кыйраган учурда курман болгондор бар. Ошол эле маалда»ЧВК Вагнера» жеке аскердик компаниясы канча жалданма согушкеринен айрылганы белгисиз.

Бөлүшүү