Бишкекте эркек кишинин сөөгү табылды. Аты-жөнүн тактоого жардам бериӊиздер (фото 18+)

Автор -
1504

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөгү табылды. Бишкек ШИИББи каза болгон адамдын аты-жөнүн аныктоого жана жакындарын табууга жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү Бишкектеги Фере көчөсүнөн эркек кишинин сөгү табылган. Маркум болжол менен 55-60 чамасында.

Өзгөчө белгилери: арык чырай, чачы ак баскан, бою 170 сантиметр, сакал-муруту бар.

Кийген кийимдери: боз түстөгү свитер, кара жынсы шым, бутунда көлөч.

Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо төмөнкү байланыш телефондоруна чалып, кабарлап коюнуздар: 0 553 10 25 66; 0 552 10 27 43; 0 702 49 88 88.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү