Ош шаарында 500 түп көчөт отургузулду

Автор -

Ош шаарында «Жашыл» долбоордун алкагында кооптуу аймактарга 500 түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгүр айылындагы жер тилкеге жалпысынан 200 түп бадам, 200 түп өрүк, 100 түп айлант отургузулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында аталган айылдын жогору тарабындагы 15 турак жай, автоунаа өтүүчү жол жана төмөндөгү «Южный» каналынын 500 метр аралыктагы жер кыртышынын бузулушунун алдын алынып, сакталмакчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү