Азирети Муфтий Москвада өтүп жаткан Эл аралык конференцияга катышууда

Автор -

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарында өтүп жаткан «Ислам мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» аттуу Эл аралык  конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Эл аралык конференция Чечен Республикасынын  мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 43 мамлекеттен 250 делегат  катышууда.

Аталган конференциянын жүрүшүндө мамлекеттер арасындагы тынчтыкты бекемдөө жана диний конфессиялар ортосундагы мамилени жакшыртуу, ошондой эле эл аралык терроризм жана экстремизмдин алдын алуу темаларында талкуу болууда.

Бул конференцияга Чечен Республикасынын муфтийи Салах-хаджи Межиев, Татарстан жана Египет Республикасынын муфтийлери, Сауд Падышачылыгынын кеңешчиси, Муфтийлер жана серепчилер катышууда катышууда.

Эскерте кетсек, аталган Эл аралык конференция 29-30 март күндөрү Грозный шаарында өтөт.

 

Бөлүшүү