Таласта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Автор -
235

Кечээ, 3-октябрда Талас шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Деннарис» реабилитациялык борбору ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Аталган уюмдун жетекчиси Жылдыз Талгат кызынын айтымында, борборго Талас аймагындагы тубаса шал болуп төрөлгөн жеткинчектер, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр келип дарыланышмакчы.

Маалыматка ылайык, борбор “Талас жардам” уюму жана демөөрчүлөрдүн, элдин жардамы менен ачылган.

Бөлүшүү