Шашылыш билдирүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Автор -
257

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы 3 саатта жана 30-мартка караган түнү катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.